Бугу 22, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Чек ара маселелери: Компенсатордук механимдерди иштеп чыгуу зарыл

30.04.2021 10:01
766
Чек ара маселелери: Компенсатордук механимдерди иштеп чыгуу зарыл

Чек арадагы чечкинсиздиктер ансыз деле тынч боло албаган Фергана өрөөнүнүн от алуусун пайда кылышы мүмкүн. Мындай ойду саясий илимдер боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов vb.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, делимитация - жердин рельефи боюнча мамлекеттик чек аранын өткөн тилкесин укуктук жактан бекемдөө болуп эсептелет, деморкация – мамлекеттик чек аранын сызыгы боюнча жеринде көзгө көрүнө тургандай тосмо, белгилер менен бөлүп туруучу түзүлүш.

“Биз азыр кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларындагы такталбаган участкалар дүйнөдө калың калктуу район катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген Фергана өрөөнүндө жайгашканын байкап жүрөбүз. Бул жерде ичүүчү таза суунун, айыл чарбасы үчүн сугат сууларынын, эгин айдоо талаалары жана үй курууга жерлердин жетишсиздигин билдирип турат. Ошондуктан так ушул Фергана өрөөнүндө ушундай катуу карама каршылыктарды байкап келебиз.   

Бизде чек ара тилкелерине жакын жерлерди менчиктөөгө, тескөөгөгө болбойт деп эсептелинип, андай жерлерге айыл чарба иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Бирок Фергана өрөөнүңдөгү чек аралар, айрыкча кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасындагы айрым участкалар калктуу пункт болуп эсептелинип, жер тилкелери өтө тартыш болуп келген. Биринчи кезекте анклавдар же чек аранын таклбаган аймактары, мисалы, Кара-Суу, Өзгөн жана башка райондорун айтсак болот. Буга байланыштуу эли көп жана жер участкалары жетишсиз аймак экенин эске алуу менен компенсатордук механимдер дыкаттык менен иштелип чыгуусу керек”, - деп белгиледи эксперт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн