Тилекке каршы, чек ара маселесин чечүү үчүн бир өлкөнүн каалоосу, эрки аздык кылат экен. Ал үчүн сүйлөшүүлөргө келишкендердин да конструктивдүү каалоолору, ак ниет эрктери болушу зарыл. Анан кайсыл өлкө кошунасынан чек ара маселесин тезирээк чечүүнү талап кыла берсе, ал өз позициясын начарлатат, ошончолук көбүрөөк өлчөмдөрдө компромисстерге, атүгүл “уступкага” барууга аргасыз болот.
Кошуна өлкөлөр айрым анклавдары үчүн Кыргызстандан коридор берүүнү суранышууда. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына түп тамырынан каршы келген ишке ашкыс нерсе. Анда өлкөбүздүн айрым айылдарынын анклав болуп калуу коркунучтары жаралат. Бирок, кошуна өлкөлөрдүн сүйлөшүүчүлөрүнүн арасында чек ара маселелерин чечүүнү улам татаалдаштырып, кийинкиге калтырып, чыр-чатактарды көбөйтө берсек, акырында демократчыл элдин кысымынан, нааразылыгынан коркуп, биз талап кылгандардын бардыгына болбосо да негизгилерине көнгөнгө аргасыз болушат. Биздин эл кыңк этпей жогортодон айтылгандарга көнүшөт, ал эми булардыкы маселелерди апыртып, жапыртып, көбүртүп жабыртып, ызы-чууларды көбөйтүп, бийликтегилерин алдастатып жибергенге көнүп калышкан. Ошондуктан анча-мынча чатактар, чыгашалар болуп турар, андан кемип кетпейбиз, маселе создуктурулгандын пайдасы эле болбосо, бизге зыяны тийбейт, - деген маанидеги тактиканы кармангандары болушу да толук мүмкүн.
Менин жеке оюмча, чек ара маселелерин чечүүнүн бир гана оптималдуу жолу бар. Эки мамлекеттин биринчи жетекчилери сүйлөшүп, чек аранын аркы-берки беттерине чатыр тиктирип, ага ар өлкө тийиштүү жетекчилерди, адистерди жайгаштырып, бир жумада бүтөсүңөрбү, бир айга созосуңарбы же бир жыл кыштайсыңарбы, айтор, чек аралардын баарын делимитациялап, кол коюуга даярдамайынча кетпейсиңер. Силердин иш ордуңар ушул жер. Бир принцип менен чече албасаңар башкасын издегиле. Эки жактын тургундарын нааразы кылсаңар, биринчи таш бараңга силер туш болосуңар. Анда өзүңөрдөн көргүлө - деген мааниде талап коюп, наказ берсе, чек ара маселелери тез эле чечилмек. Акылман элибиз айткандай, өлүмдөн башканын бардыгынын бир аргасы табылат. Ал арганы күнү-түнү тынбай издөө гана керек. Эгерде сүйлөшүүлөр азыркыдай формада улантылып, тийиштүү жетекчилери анда-санда кошуналардагы коллегалары менен жолугушуп, кичине проблема келип чыкса, аны кийинкиге калтырып таштап, анан түбөлүк достуктун урматына чай-пай ичишип, келерки жаңжалга чейин кучакташып таркап кетип жүрө беришсе, ал дагы чейрек кылымга созулушу ыктымал. Ага эл күтпөйт.
Мирлан Дүйшөнбаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн