Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Чек ара маселеси чегине жетип баратабы?

22.02.2021 12:34
784
Чек ара маселеси чегине жетип баратабы?

Мамлекеттүүлүктүн бекем жана бүтүн болушу үчүн эң биринчи кезекте мамлекеттик чек аралардын такталышы, такталган чек аранын чычкан жорголоп өткүс болуп сакталышы камсыздалышы керек экенине эми чындап көзүбүз жетип келатат. Тилекке каршы, эгемендик алганыбызга отуз жыл толгонуна карабастан, дагы деле коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чек ара маселеси толук чечиле элек. Отуз жылдан бери карай бул маселени чечүүнү улам кечеңдетип отуруп, кыргыздын жерлери кыйла кыскарып кеткенин чек арага жакын жашаган мекендештерибиз арман кылып айтып келет. «Ушул жерлерде биздин мал жайылат эле», «Ушул эле жол менен кенен кесири жүрөт элек» деп учурда коңшуларга өтүп кеткен жерлерди телмире тиктеп калышат. Эгерде ушул темп менен кете бере турган болсок, дагы жакынкы 10 чакты жылдын ичинде бүгүнкү күндө биздин жер деп ишенимдүү түрдө айтып жаткан жерлерибизди да «телмире» тиктеп калчудай элебиз.


Бүгүн 22-февралда Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына бир нече жергиликтүү жашоочулар митингге чыгышты. Алардын айтымында жыл башынан бери карай «чек арадан мыйзамсыз өткө», «аткезчилик товар ташыган» деген шылтоолор менен 20дан ашуун кыргызстандык Тажикстанда кармалып, камалып отурат экен. Алар акыркы 10 күндүн ичинде эле Лейлек районунун Арка айылынын 10 жашоочусун тажик чек арачылары кармап алышканын билдиришти.


Ошол эле убакта кыргыз чек арачылары тарабынан ушундай эле себептер менен тажик жарандарынын кармалганы тууралуу маалымат жок. Демек, чек арага жакын жашаган кыргызстандыктардын күйүп сүйлөгөн сөздөрүнүн жүйөөсү бар. Эмне үчүн кандай бийлик келсе деле «Чек ара маселеси бат эле чечиле кала турган маселе эмес, буга убакыт керек» деген сөздү кайталай беришет? Дагы канча убакыт керек? Маселе толук чечилиш үчүн дагы канча кыргыздын жери билинбестен коңшуларга өтүп кетиши керек?


Делимитация, демаркация иштеринин чечилиши кечеңдеп жаткан болсо, жок дегенде ошол чек арага жакын жашаган кыргызстандыктардын жашоо-шартын борбор калаанын деңгээлине жеткирүү иш-аракеттерин жүргүзө берсе болбойбу? Жумушсуздуктун айынан дал ошол чек ара аймактарындагы мекендештерибиз көбүрөөк мигрант болуп кетүүдө. Айрымдары үйлөрүн коңшулардын жарандарына сатып жиберип, борборго жакын көчүп келишүүдө. Эмнеге ушул маселелерге убагында көңүл бурбайбыз? Жок дегенде бүгүнкү күндө талашы жок өзүбүздүкү саналган жерлерибизди жылдырбай коргоп турбайлыбы? Ал үчүн чек арага жакын айылдарга заманбап мектеп, оорукана, маданият үйүн куруп, кесипкөй адистерди жогорку маянасы менен тартып кызыктырбайлыбы. Чакан ишканаларды да ошол жакка куруп, жумуш орундарын түзбөйлүбү? Же бул үчүн да коңшулар менен макулдашыш керекпи?


Бүгүнкү бийликтен элдин үмүтү дагы деле чоң. Чек араларыбыз зым менен толук тосулуусуна убакыт керек болуп жатса, жок дегенде ага чейинки иш-аракеттерди эртелетет деген ишеним бар. Ал аракеттер жогоруда биз мисал кылган иштер болуп саналат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шайлоодо кимге ишеним берсенер ошого айткыла.