Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара маселесин чечүү бийликтин эркинен көз каранды, - Кубан Чороев

03.06.2020 11:51
1321
Чек ара маселесин чечүү бийликтин эркинен көз каранды, - Кубан Чороев

Дүйнөлүк практикада чек ара маселеси консенсус жолу менен гана чечилет. Консенсуска жетиш үчүн албетте эки тараптын тең аракети болушу шарт. Мындай пикирди эксперт Кубан Чороев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, эки өлкөнүн чек ара көйгөйүн чечүү үчүн алдын ала жумушчу топ иш алып барышы керек. “Мисалы Өзбекстан-Кыргызстан чек арасын ала турган болсок, ал өлкө менен саясий жактан оор маселебиз жок деп айтсак болот. Ошондуктан саясий жактан эки тараптын бир алакада сүйлөшүүсүнө толук шарт бар. Бул бийликтегилердин эркинен көз каранды. Эки тараптын тең сүйлөшүүгө баруусу маанилүү жана дипломатиялык чечкиндүүлүк менен чечип алууга мүмкүнчүлүктөрү бар”, - деп айтты Кубан Чороев.


Ал белгилегендей, бул жерде эки мамлекеттин жетекчилеринин чечкиндүү кадамдары көбүрөөк факторго ээ.


Албетте, эки өлкөлөнүн кызыкчылыгы эске алынса, орток пикир жаралып, консенсуска келе алышат. Ал үчүн жергиликтүү элдин арасында орун алып жаткан чыр-чатактардын себептерине туура баа берилиши зарыл”, - деп кошумчалады ал.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн