Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Чек ара маселесин чечүү иштери элге жеткиликтүү түшүндүрүлбөй жатабы?

26.04.2021 10:24
850
Чек ара маселесин чечүү иштери элге жеткиликтүү түшүндүрүлбөй жатабы?


Ошентип коңшулаш Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара маселелери 100% чечилбей калды. Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров коңшулаш өлкөгө жасаган сапарында дал ушул чек араларды тактоо маселеси да сүйлөшүлгөн. Ошондо Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиеев эки мамлекет үч айда чек арасын тактап бүтөт деп ишендирген эле.


Президенттердин жолугушуусунан кийин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеген чек ара боюнча мамлекеттик комиссия Ташкентке барып келип, эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы менен чек ара маселеси 100% чечилди деп билдирген.


Албетте, чек ара маселелери эки тараптуу кызыкчылыктар шайкеш келгенде гана чечилет. Бир тараптын гана кызыкчылыгы менен маселе чечилбеси турган иш. Эки тараптан тең компромисске бара турган жагдайлар болот. Андыктан К. Ташиев Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун ичи берилгенин, анын ордуна 1973-жылы өзбек тарап 4100 гектар жерди беришкен экенин, дагы 300 гектар бериле элек жердин ордуна 1000 гектар жер ала турган болгонубузду айткан.


Бирок, мындай чечимге жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыгы күч болду. Алар мөөнөтсүз митингге чыгып, суу сактагычты берүүгө каршы чыгышты. Натыйжада кайрадан эл менен жолугушууга барган Камчыбек Ташиев  Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселени мурунку абалында калтыра тургандыктарын айтты. «Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Элдин талабы – биз үчүн эң жогорку талап. «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. «Кемпир-Абадды» азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз», - деди ал.


Ошентип Өзгөн элинин нааразычылыгына байланыштуу митингдерди эми бас-бас боло баштаганда, Ала-Букада чек ара маселесине байланыштуу нааразычылыктар башталды. Бүгүн эми УКМК төрагасы Ала-Буканын эли менен жолугушууга барарын билдик. Ал жакта Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу маселе жаралып жатканы түшүнүктүү болуп турат.


Мына ушул маселелердин баары эмнеден улам жаралууда? Коомчулукка мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштериндеги күңгөй-тескейлер жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүлбөй жатат. Бул жаатта маалыматтык таңкыстык жаралууда. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды тактоодо биздин өлкө кайсыл тарабынан утууда, кайсыл тарабынан компромисске барууга аргасыз болду? Эмне үчүн ошол компромисске барууга туура келди? Айтор, ушул сыяктуу туңгуюкка кептеген суроолорго чек арага жакын жашаган жергиликтүү эл дагы, коомчулук дагы жооп алышы керек эле. Эч кандай маалыматтык түшүндүрүүлөр алдын-ала жасалбастан эле, «биз ушул жерлерди бере турган болдук» деген сөздөр албетте элдин кулагына жагымдуу угулбайт. Ошондон улам кыргыз бийлиги чек ара маселесинде буга чейинки сүйлөшүүлөрүнөн артка кайтууга аргасыз болуп отурат.


Албетте, жер – бул мамлекеттики, ал эми мамлекет анда жашаган элдики. Демек, жер да элдики болуп саналат. Андыктан тактала элек чек араларды тактоодо жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жасоо маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн