Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек ара маселесин «кечирим суроо» менен чечелиби?

03.06.2020 12:21
1390
Чек ара маселесин «кечирим суроо» менен чечелиби?

СССР таркап жатканда эң биринчи чечилиши керек болгон маселе – бул чек ара маселеси эле. Тилекке каршы, ал убакта кыргыз бийлиги да, коңшулаш мамлекеттердин бийлиги да бул маселени биротоло чечип салууга чыгынбаган экен. Анын ордуна Акаев башында турган бийлик союздан калган завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду таркатуу, менчикке чыгаруу менен алек болду. Мурда чек ара көйгөйү деген түшүнүгү жок жашап келген коңшулаш мамлекеттердин жарандарынын ортосунда акырындык менен түрдүү келишпестиктер чыгып отуруп, акыр-аягы «Бул жер биздики болчу» деген «аркан тартышка» кептелип отурат. Өкүнүчтүүсү, кыргыз бийлигинин эгемендик алган жылдардан берки шалаакылыгынан улам коңшу мамлекеттер биздин мамлекеттин жерлерине тымызын «басып алуу» жасап келатышканы болуп турат. Азыр чек арага жакын жашаган мекендештерибиз «Мурда ушул жерлер биздики болчу, улам тигилер жылып отурушуп ээлеп алышты» деп оор үшкүрүп калышат. 


Жакында эле Баткендеги Чечме аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында да жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжал булак талаштан чыкканы да белгилүү болду. Бул жаңжалдын кесепеттерин жоюу жана аны андан ары болтурбоо үчүн деп биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткенге барып, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуудан кийин К. Боронов: «Бул жердеги эки элдин ортосундагы ажырымды жок кылуу маселесин талкууладык. Болгон маселе - бул жерде булак чыккан жерде көлмө бар экен, ошол жерде эки элдин ортосунда түшүнбөстүк болуп кетти. Ошондон улам жаштар бири-бирине таш ыргытып маселе жаралган. Кечинде түшүндүрүү иштеринин натыйжасында эки эл да таркап кетти. Бирок таш тийип жабыркагандар бар. Бактыга жараша киши өмүрүнө зыян болгон жок. Биз эки тараптуу бир топ маселелерди карадык, жайыт, суу пайдалануу, чек ара сыяктуу», - деди.


Ал эми өзбек премьер-министри Арипов өз элинин алдында туруп: «Кыргыз тарап Сох-Риштан жолун ачабыз деп убаданы берди, жайыт маселесин караштырып бере турган болду жана жолду 2-3 күндөн кийин кайра жаап койгону үчүн кыргыз тарап кечирим сурады», - деп айтып жаткан видеосу интернет булактарына тарады.

 

Эки өлкөнүн өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн айткандары эки башкача чыгып жатабы? Чын эле К. Боронов коңшулардан кечирим сурадабы? Мына ушундай суроо коомчулукта да, парламентте да талкуулана баштады. Депутат Закир Шарапов 3-июндагы парламент жыйынында бул боюнча Боронов өзү келип так маалымат берип коюшун талап кылды. 


Чын эле эмнеге эле биздин чиновниктер чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө коңшулардын чиновниктеринин алдында алсыз боло беришет деген суроо жаралат. Эмне үчүн коңшулардын бийлиги «Бул жерлер биздики» деп ишенимдүү айтышат дагы, биздин аткаминерлер «Такталбаган жерлер» деп айтышат? Эгерде Боронов чындап эле өзбек бийлигинен кечирим сураган болсо, анда ал биринчи-вице-премьер болуп турган өкмөт чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алабы?  


Дагы бир жагдай бар, А. Атамбаев бийликте турган кезинде Өзбекстан менен чек ара маселесинде талаш жерлердин 95%ы макулдашылып калды деген маалымат айтылган. Бирок, талаш жерлердин канча пайызы Кыргызстандын пайдасына чечилгени тууралуу маалымат азыркыга чейин жок. Андыктан эртең «Атамбаевдин убагында Өзбекстанга баланча гектар жерибиз берилип кетиптир» деп жер чапкылап отуруп калышыбыз да мүмкүн. Бул жагдайды да учурдагы бийлик, учурдагы өкмөт көңүлгө алып, макулдашуулардын канчалык деңгээлде биздин кызыкчылыгыбызга төп келе турганын да көз чаптырып карап коюушу зарыл. Болбосо, ратификациялап, биротоло өткөрүп берип койгондон кийин өтө кеч болуп калат. 


Баса, Бороновго кайрыла турган болсок, ал чек ара жаңжалы чыккан жерде «Бул беш-алты аксакал эле чечип кое турган маселе да» деп сүйлөгөнү да кызык болду. Ошондо мамлекеттик чек араны чектеш жашаган эки өлкөнүн айылдарынын аксакалдары эле чечип коюшу керекпи? Түшүнүп жатабыз, Боронов жаңжалдарды басып койсо болот деп айтып жатат. Бирок чек ара такталмайынча андай жаңжалдар улана берери анык, анда аксакалдар ошол булактын башында кезектешип күзөттө турушу керек болобу?  


Айтор, бул өкмөттүн деле чек араны тез арада чечүү ниети жок экени билинип калды. Биз минтип улам создуктура берсек, дагы бир топ жерибиз коңшуларга өтүп кетиши мүмкүн. Алар акырындык менен кыргыз жарандарынын үйлөрүн сатып алып, бери көздөй жылып келатышат. Жок дегенде ушул көрүнүшкө кыргыз өкмөтү чектөө кое алабы?


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн