Акыркы күндөрдө бийлик үчүн баш оору болгон маселе – бул мамлекеттик чек ара жаңжалдары болуп калды. Баткен, Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондорунун тургундары чек ара маселесиндеги көйгөйлөрдү айтып, өкмөт үйүнүн алдында 15-16-февралда эки күн катар митинг өткөрүштү. Алар президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун талап кылышты. Бирок, мамлекет башчысы Россия Федерациясына жасай турган сапарынын алдында обочолонуп иштеп жатканына байланыштуу кабыл алуу болбой турганы маалым болду.
Эске сала кетсек, Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагындагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде өзбек тарап өз алдынча зым тарта баштаганы жергиликтүү элдин нааразычылыгын пайда кылган. Ал аймактын жашоочуларынын айтымында башынан кыргыздар пайдаланып келген көптөгөн жерлер Өзбекстан тарапка өтүп кетип жатат. Айрым жашоочулардын дааратканасы жаңы тосулган зым менен алганда өзбек тарапта болуп калат экен. Жергиликтүү эл өзбек тарап аз эле дегенде 3 километр кыргыз тарапка кирип кеткен. Натыйжада алар пайдаланып келген жайыттар да бир топ тарыган.
Ушул сыяктуу эле көйгөйлөр башка чек арага жакын аймактарда да жаралууда. Албетте, бийликтен бул маселени чечип берүүнү талап кылган элдин нааразычылыгын түшүнсө болот. Бирок, ошол эле убакта «Тез арада чечип бер» деп кокологон да туура эмес. Бул маселе митинг же бийликке басым жасоо аркылуу эч качан чечилбейт. Ал эки тараптуу (эки мамлекеттин бийлигинин ортосунда) чечиле турган маселе.
Башка маселе, жергиликтүү элдин өздөрүнүн жайыты бир топ тарып кеткенин качан гана коңшулар зым менен тосо баштаганда билип отургандары болуп жатат. Алтургай айрым жашоочулардын дааратканалары коңшу өлкөдө калып калганын да ошол күнү билгендери кызык. Ушундан улам эмне үчүн чек ара маселесине жоопкерчиликтүү жетекчилер өз убагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт деген суроо жаралат. Эгерде ал жерлерде кыргыздын жайыттары тарып кеткен болсо, балким башка жагынан ага компенсация жасалгандыр. Балким Кыргызстан анын ордуна башка жагынан ашыкча жер алгандыр. Айтор, чек арага жакын жашаган айылдардын жашоочуларына барып, маселе кандай чечилгенин, өзбек тарапка кайсыл жерлер берилип, кыргыз тарап кайсыл жерлерди алганын ачыктап, баарын жаап-жашырбай айтып турушса, нааразычылыктар мынчалык күчөбөс эле. Түшүндүрүү иштери болбогон жерде дайыма нааразычылыктар болуп келген жана боло берет. Бийлик элден алданени жашырып, эл бийликтен ар нерсени шектенип отура берсе, анда чек ара маселесине эч качан чекит коюлбайт. Улам жерибиз тарыгандан тарый берет. Андыктан эл менен бийликтин ортосундагы ачык-айкындуулукту адегенде камсыздап алганыбыз эп.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн