Мамлекеттин бүтүндүгү жана тынчтыгы биринчи кезекте чек ара көйгөйлөрүнүн чечилиши менен камсыздалат. Тилекке каршы, 30 жылдан бери карай эле кошуна өлкөлөр менен чектеш жайгашкан аймактарыбызда чыр-чатак, жаңжал коштоп келатат. Буга албетте мамлекеттик чек араларыбызда делимитация, демаркация иштеринин аягына чыкпай жатканы себеп болууда.
Кыргыз бийлиги чек арага жакын аймактардагы жашоочулардын шартын оңдоо, аларга камкордук көрүү планын түзбөгөнүнөн улам, коңшулаш өлкөлөргө жакын жашаган жарандарыбыз үйлөрүн кошуна өлкөнүн жарандарына сатып жиберип, өздөрү борборду көздөй көчүп баса беришкен көрүнүштөр көп. Ошентип отуруп эле көптөгөн жерлерибиз билинбестен кошуналардын карамагына өтүп баратат. Өлкө ичинде бийлик үчүн, мансап үчүн кырчылдашкан күрөш, тирешүүлөр жүрүп жатса, кошуналар акырындык менен зым тосмолорун улам бизди көздөй жылдырып коюу менен алек. Эгерде ушундай темп менен кете бере турган болсок, анда дагы бир нече жылдан кийин суу башы болгон ак мөңгүлүү тоолорубузду алдырып жиберип, өзүбүз ансыз да жакшы өнүкпөгөн шаарларыбызга эле камалып отуруп калчудайбыз.
Жакында эле Баткен облусундагы коңшулаш Тажикстан менен чектеш аймакта дагы чек ара чыры жаралды. Жергиликтүү тургундар бул маселеге көңүл бурдуруу үчүн социалдык түйүндөрдөн жакшы эле кайрылууларды да, билдирүүлөрдү да жасашты. Бирок, эмнегедир бийлик тараптан ушул күнгө чейин бир ооз кеп айтып, көңүл бурган жан боло элек.
Ушундан улам «Качан кыргыз бийлиги биринчи кезекте мамлекеттик чек ара маселелерине олуттуу көңүл бурат?» деген суроо жаралат. Же акырындык менен учурда өзүбүз жашап, өзүбүз ээлик кылып турган жерлерди тарттырып жиберебизби? Же аларды да талаш жерлердин катарына кошуп коебузбу? Кошуна мамлекеттер чек арага жакын аймактарына өзгөчө камкордук көрүүнү эбак эле колго алышкан. А бизчи? Бизде дал ошол аймактарда жашагандар көбүрөөк мигрант болуп кетишет. Себеби, жумушсуздук, жашоо-шарттын оордугу дал ошол аймактарда көбүрөөк билинет.
Жок дегенде жерибиздин аянтын азыркыдан азайтпай сактап калуунун амалын азыртадан баштабасак, кийин кеч болуп калат. Ал үчүн биринчи кезекте ошол кошуналар менен чектеш аймактардагы жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын борбор калаадагыдан да көбүрөөк жакшыртуу камын көрүү зарыл. Жаңы ишканалар биринчи кезекте ошол аймактарга ачылышы керек. Ошондо жумушчу орундары түзүлөт. Алардын айлык акылары да борбор калаадагы айлык акылардан ашса ашып, бирок кем болбошу маанилүү. Экинчиден, чек ара аймактарында мектептердин, маданият үйлөрүнүн, ооруканалардын абалын жакшыртуу шарт. Ал жакта иштеген мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, дарыгерлердин айлык акылары да борбор калаадагылардан жогору турушун камсыздоо милдет. Ошондо гана ал жактарда чыныгы кесипкөй адистер кармалат. Биринчи кезекте чек арага жакын жашаган айылдарды газдаштыруу, таза суу менен камсыздоо, санариптештирүү жүргүзүлүшү керек. Бардык тиешелүү шарттар түзүлсө, ал жактагы жарандарыбыз акча табуу көйгөйү менен алыстарга кетпей калат. Ушул кадамдарды бүгүнкү бийлик жасай алар бекен?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн