Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чек ара меселесин чечүүдө бизге эч кандай ортомчу аянттын кереги жок

25.06.2021 15:24
1480
Чек ара меселесин чечүүдө бизге эч кандай ортомчу аянттын кереги жок


Эгерде чыр чыгып жаткан чек ара тилкелери боюнча эки өлкө бийлиги бир пикирге келип, келишим даяр болсо, анда Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга барганын туура деп эсептейм. Азыр карасам, элдин көбү акылдуу болуп ар кандай кеңештерди айтып жатат. "Ташкенттен жолукса болмок ж.б." деп.

Ташкент дагы, Астана дагы, тем более Москва дагы биз өзүбүзгө каалагандай тынчтыкты каалашпайт. Силердин оюңарча чек ара маселеси чечилбей, күн алыс жаңжал чыгып, адамдар өлө бериши керекпи? Же Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын Орусиянын "тынчтыкты орнотуу күчтөрү" кайтарып, чоң жыландын башын чыгарып, улам бир чыр уюштуруп турушун каалайсыңарбы? Анан дагы Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон экөө бир күнү Ташкентте, бир күнү Астанада кайым айтышып, айрым учурда жакалашып, аларды кошуна президенттер арачалап, мунун кесепетинен чек арада күн алыс бейкүнөө адамдар өлүп турса ошондо табаңар канмак да ээ? Ушундай сценарийди каалап жатасыңарбы?

Менимче Садыр Жапаров абдан туура кадам жасап жатат! Бизге эч кандай ортомчу аянттын кереги жок. Эртеңки согуштардын, жаңжалдардын алдын алыш үчүн жаман көрүнүп болсо дагы бүгүн барып чечип келем деп жатканы абдан туура.

Биз канчалык эрте чек араны тактап алсак, ошончолук тезирээк тынчтык орнойт.

Туугандар, мени жаман көрсөңөр көргүлө, бирок, өлкөнүн тынчтыгы популизм жана кооз кептер менен өлчөнбөйт!

Адилет Айтикеев, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн