Баткен районунун Как-Сай аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы атышуу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябры саат 14.40ка карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки Тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтогондугун маалымдайт.
Белгилүү болгондой, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.
Эки республиканын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн