Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Чек арада абал тынч эмес. Төрт-Көчө тажиктер тарабынан жабылды

27.01.2022 19:57
850
Чек арада абал тынч эмес. Төрт-Көчө тажиктер тарабынан жабылды

Кыргыз-тажик чек арасында 27-январда саат 18:30га карата кырдаал чыңалууда деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, саат 17:30дан 18:00гө чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосушкан.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткендеги чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге кызмат өтөөгө өткөрүлдү.

УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кырдаалга көз салууда жана абалды басаңдатуу боюнча чараларды көрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн