Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чек арада каза болгон 12 жаштагы Мадинанын элесине арналган китеп жарык көрдү

31.05.2021 12:45
886
Чек арада каза болгон 12 жаштагы Мадинанын элесине арналган китеп жарык көрдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан курман болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын элесине арналган “Керемет жамгыр” аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында жазуучу, аталган китептин автору Талантбек Шабиев билдирди.


Анын айтымында, мындан ары согуш болбосун деген тилек менен аталган китеп жазылган.

“Китебим балдардын согушка болгон көз карашы, ой-пикирлери жөнүндө жазылган. Анын башкы каармандары мектептин 3-4-класстын окуучулары болуп саналат. Китептин эки каарманы аскерлер атып жатканда октун, жарылган гранатанын ордуна гүл болуп калса деп кыялданганы тартууланган. Ошондой эле 1945-жылы Япониянын Нагасаки жана Хиросима шаарына ташталган атомдук бомбанын ордуна асмандан гүл жаап жатса, кандай гана сонун экендигин айтышат. Чыгарма менен балдардын аруу тилек, жакшы ойлорун бергим келди. Жакында эле чек арадагы окуядан кийин 12 жаштагы Мадина Рахматжанова кайтыш болуп калды. Чыгармамды Мадинанын жаркын элесине арнадым”, - деди китептин автору.

Шабиев “Керемет жамгыр” китеби 1 миң нускада жана кыргыз, орус тилде чыкканын айтат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн