Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:03
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чек арада каза болгон 23 жаштагы Агадил Канатбековдун сөөгү жерге берилди

19.09.2022 12:07
372
Чек арада каза болгон 23 жаштагы Агадил Канатбековдун сөөгү жерге берилди


Мекенин коргоо үчүн жан үрөп, Баткен облусунда курман болгон Агадил Канатбековдун сөөгү туулуп өскөн айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти. 


Баткен облусунда болуп жаткан согушта прапорщик Канатбеков Агадил Канатбекович Кыргыз Республикасынын чек арасын басып кирген душмандан коргоп жатып баатырларча курман болгон.


Канатбеков Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Тосор айлындагы Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган. 


2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу Департаментине чакырылган. 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген.


2022-жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053 аскер бөлүгүнө контракттык негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. 

Үй бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зафар
Аллахым жаннаттан берсин