Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чек арада ок атылды. Баткенде аткезчилик жүк кармалды

22.11.2021 10:55
551
Чек арада ок атылды. Баткенде аткезчилик жүк кармалды

Баткендин Лейлек районунун чек арачылары 20-ноябрда аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  Чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.


Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда чек арачылар 30 жаштагы Р.С. аттуу кыргызстандык башкарып келе жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу баш ийбей унааны токтоткон эмес.


“Чек арачылар асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, аргасыздан автоунааны токтотуу максатында унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган”, - деп айтылат маалыматта.


Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1 миң кг ашуун таттуулар (конфет) аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтери болгон эмес. Ал жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.


Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн