Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чек арада түн тынч өттү, чыңалуунун элементтери сакталууда

21.09.2022 09:56
581
Чек арада түн тынч өттү, чыңалуунун элементтери сакталууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 21-сентябры саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

        

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

        

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

        

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн