Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арада жашаган калкка курал берүү мыйзам долбоору боюнча депутат түшүндүрмө берди

24.05.2021 13:48
1529
Чек арада жашаган калкка курал берүү мыйзам долбоору боюнча депутат түшүндүрмө берди

Чек ара. Курал берүү тууралуу мыйзам долбооруна түшүндүрмө.


Урматтуу достор, жакында эле депутаттар Абдывахап Нурбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттар тобу “Чек ара ыйгарым укуктуулары” тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү сунуштадык. Коомчулукта ар кандай пикир пайда болду, ошон үчүн муну коомдук талкуу дейт. 


Ток этери, биз башкалар тарабынан кечээкидей агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мам.органдын уруксаты менен чек ара ыйгарым укуктууларга (ошол жерде жашаган) ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз. Бул башка өлкө менен чектеш жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамга так жазып жатабыз, жылына эки иреттен кем эмес атайын окутуу болот, даярдыктан өтөт, куралды алып жүрүү жана пайдалануу боюнча адистешкен, тандалган адамдарга гана берилет. Алардын өмүрү, саламаттыгын камсыздоого мамлекет кепилдик берет. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тиешелүү органдар менен кызматташып келген, биз алардын укуктарын кеңейтүү керек деп сунуштадык. Мындай практика башка өлкөлөрдө да колдонулат. Бул биз Баткенге барганда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда жашоочулар тарабынан айтылган сунуш болчу. 


Албетте, чек араны, жерибизди, элибизди мамлекет коргойт, сактайт, бирок биз сунуштаган долбоор да учурда зарыл болуп турат. Мыйзамды жергиликтүү тургундар менен, чек арачылар жана адистер менен кенешкен соң талкууга чыгардык. Сунуштар болсо, кабыл алабыз.


Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн