Бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө чек арадагы атышууда жаракат алган жоокерлер Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Булак-Башы тилкесинде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы атышууда жаракат алган эки жоокерге мындан аркы медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекке алынып келинди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн