Чек ара аймагындагы энергия менен камсыздоо боюнча Энергетика министрлиги маалымат берди.
Учурда: Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз (1402 абонент) жалпы жети конуш электр жарыгысыз калды. Анын себеби, аймактагы ок атуунун кесепетинен 35/10 кВ Самаркандек көмөкчордонунун 10 кВ линиясынын бузулушу.
Учурда чек арадагы абал жөнгө салынмайынча жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылмайынча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес.
«Ошэлектро» ААКтын оңдоо бригадалары тиешелүү түзүмдөрдөн уруксат алынаар замат келтирилген зыянды жоюуга толук даяр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн