Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Чек арадагы чырдан 87 адам жабыркаган. Анын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жарадар болгондордун 27си Бишкектеги ооруканаларга жаткырылганы кошумчаланды.
Буга чейин УКМКын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдан көп адам каза болгонун, көбүн аскер кызматкерлери экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн