Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн жагдайга байланыштуу Өкмөт мүчөлөрү менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кеңештин жыйынтыгы боюнча чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу, иликтөө боюнча комиссия түзүлөт жана анын башчылыгына Артем Новиков дайындалган.
Тышкы иштер министрине чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн