Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек арадагы чырдан 25 адам жаракат алып, экөө жандандыруу бөлүмүндө

01.06.2020 11:36
1043
Чек арадагы чырдан 25 адам жаракат алып, экөө жандандыруу бөлүмүндө


Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан 25 адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы кырдаал боюнча маалымат бергенде билдирди.


Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна 25 жаран жеткирилген. Учурда жабырлануучулардын төртөөсү ооруканада. Ал эми экөөсү жандандыруу бөлүмүндө, операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Дагы эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор.

 

Калган 21 жаран башатапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 


Ал эми окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог жана травматолог жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн