Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандар канча айлык алары айтылды

14.07.2021 14:33
927
Чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандар канча айлык алары айтылды

14-июлда Жогорку Кеңеш "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Документте "ыйгарым укуктуу жарандарды" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берилет.


"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "чек ара ыйгарым укуктуулары" деген макам берилет.


Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес. Азыр мындай жарандарга 14 миң сомго жакын айлык төлөнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн