Бүгүн, 27-январда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Төрт-Көчө аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн башчылары сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тулаев Маруфхан билдирди.
Анын айтымында, чатак чыкканга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
"Жакшы эле сүйлөшүү бүткөндөн кийин 10 мүнөттөй убакыт өтпөй тажик тарап чагымчылдык менен ок чыгара баштады. Эч кандай эскертүү болгон эмес. Азыркы учурда чек арадагы айылдын тургундарын көчүрүү үстүндө иштеп жатабыз",- деди Тулаев Маруфхан.
Пикирлер (1)