Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чек арадагы жаңжалда өрттөлгөн Максат айылынын мектеби окуучуларга эшигин ачты

16.09.2021 10:00
1699
Чек арадагы жаңжалда өрттөлгөн Максат айылынын мектеби окуучуларга эшигин ачты

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы «Максат» орто мектеби окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов жана облустук, райондук жетекчилер, мектеп мугалимдери жана окуучулар, ошондой эле айыл тургундары катышышты.


Министр окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, баарына иштеги жана окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.


"15-сентябрга карата мектептин капиталдык оңдоодон толук өткөрүлүп, кайрадан колдонууга берилгени айыл элинин жүрөгүн жылыткан саамалык болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн