Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек арадан адамдарды мыйзамсыз алып өтүп турган жарандар кармалды

30.09.2021 17:54
621
Чек арадан адамдарды мыйзамсыз алып өтүп турган жарандар кармалды

 Мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам -иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандары "Э.К." жана "Э.Ж.А." кармалды.


Такталгандай, кармалган адамдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен, жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган.


Азыркы учурда «Э.А.К.» жана «Э.Ж.А.» аттуу жарандарга карата бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 


КР УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналаарын, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 000 сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн