Бугу 12, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Чек арадан мыйзамсыз түрдө 1 кг алтын алып өтүүгө аракет кылган 2 аял кармалды

12.03.2021 17:43
918
Чек арадан мыйзамсыз түрдө 1 кг алтын алып өтүүгө аракет кылган 2 аял кармалды

Кыргыз-өзбек "Достук" өткөрмө бекетинде мыйзамсыз алтын алып өтүүгө аракеттенген эки жаран кармалды. Жарандар Кыргызстандан Өзбекстанга кетип жаткан. Аларды Андижан облусунун укук коргоо органдары кармаган. 


Жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда бажы көзөмөлүнөн жашырылган жана бажы кызматкерлерине оозеки сурак учурунда декларацияланбаган, жеке пакеттерге салынган, ар бири 5 грамм салмактагы алтын куймалары, жалпы салмагы 1,1 кг аныкталды. 

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, табылган алтын куймаларынын жалпы наркы 880,000,000 сумду (болжол менен 84,000 доллар) түздү.


Учурда, аныкталган укук бузуу фактысы боюнча бажы текшерүүлөрү жүрүп жатат.


Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жеке адамдар тарабынан ташылып келинген баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдардын көлөмү 65 граммдан ашпашы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн