Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта тажик тараптын аскердик техникалары жана брондолгон жеңил унаалары топтоло баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Тажикстан мурдагы келишимдердин баарын жокко чыгарып түнкү саат 03:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесине чектеш аймакта контейнер орноткон.
Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта тажик тараптын аскердик техникалары жана брондолгон жеңил унаалары топтоло баштады.
Чек ара кызматы чыр чыгып кетпеши үчүн бардык аракеттерди жасоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн