Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Чек арага жакын жерлерден жалпы 27,3 миң адам көчүрүлдү, алардын жарымынан көбү балдар

01.05.2021 13:51
1057
Чек арага жакын жерлерден жалпы 27,3 миң адам көчүрүлдү, алардын жарымынан көбү балдар


Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлерден жалпы 27 миң 358 адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, көчүрүлгөндөрдүн ичинен 15 миң 505и балдар.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 31и набыт болгон. Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн