Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Өзбекстан менен Кыргызстан тарап чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өкмөт башчысы кызматына талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда Көпчүлүк коалициянын жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топтун отуруму Өзбекстандын сунушу
менен Наманган же Фергана шаарларынын биринде болоору күтүлүп жатат. Ошондой
эле Тажикстан менен дагы паритеттик комиссия чек араларды тактоо боюнча өз ишин
улантат.
“Кыргызстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири катары чек ара маселеси боюнча күнүгө иш алып бара турган маанилүү тармак. Мунун үстүндө иштейбиз”, - деп айтты Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн