Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

16.10.2021 12:37
1017
Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды


2021-жылдын 14-октябрында УКМК Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.


Өзбекстан Республикасынын жараны “Ю.М.У.” Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан КРнын Ош шаарына учуп келгенде, “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.


Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Бул факт боюнча УКМК тарабынан КРнын Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.         


  Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн