Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 20:05
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн түзүлгөн туруктуу каналга бөгөт коюлду

08.06.2021 10:35
836
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү  үчүн түзүлгөн туруктуу  каналга бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК жанаУКМК чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн туруктуу каналдарды түзүшкөн адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (Кылмышка кошо катышуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун Манас районунун «К.Б.Ш.», «Д.Р.А.» жана «М.А.У» аттуу 3 жергиликтүү тургуну аныкталып кармалышты.

  Такталган боюнча, аталган тургундар чек араны контролдоо пунктунан тышкары жерден Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын кесилишинен жарандардын мыйзамсыз алып өтүүгө акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды..

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн Сотко жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн