Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чек ара маселесин чечүүнү жылдырган сайын согуш жакындап атканын унутпайлы

27.05.2020 16:13
1367
Чек ара маселесин чечүүнү жылдырган сайын согуш жакындап атканын унутпайлы


Кыргыз-тажик чек ара маселесиндеги проблеманы чечүүгө Россиянын кийлигишүү нетин билдиргени тууралуу маалыматты окуп калдым. Мен бул сунушту кабыл алуу керек деп эсептейт элем. Француз акылманынын "Чек араны талкуулоо - бул согушту талкуулоо" деген сөзү бар. Мындай оор маселеде калыс бирөөнүн ортомчу болгону туура. Россиянын бул ишке кийлигишүүгө тарыхый да, моралдык да укугу бар. Кантсе да бүгүнкү чек арадагы талашка түшкөн аймактар, деги эле жалпы эле кыргыз-тажик чек арасы бир кездеги СССР учурунда түзүлгөн. Ошол кездеги борбордук мамлекеттин көрсөтмөсү менен эле карта чийилип калган. Ал эми Россиянын архивинде эки мамлекеттин чыныгы аймагы белгиленген маалыматтар толугу менен турат.


Эгер Кыргызстан тарыхый архив маалыматы боюнча чек ара такташса, анда чоң утушка ээ боло турган жагдайлар арбын. Ушундай жагдайлардан улам да тажик тарап Россия менен тирешүүгө барып, өз билгендерин бербей чырдаша албайт. Россия чын нети менен калыс болуп туруп берсе чек ара такталып, чечилет. Болбосо ушинтип чырдашып жүрө беребиз. "Жакшы согуштан жаман тынчтык өйдө" деген сөз бар. Чынында элге тынчтык керек. Бирок, тынчтык керек эле деп чек ара маселесин чечүүнү жылдырган сайын согуш жакындап, улам баш багып атканын унутпайлы.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн