Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чектөө алынат. Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

01.08.2023 09:37
292
Чектөө алынат. Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады


Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министрдин айтымында, эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат.

"Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат", - деп жазды Текебаев.

Ал белгилегендей, туннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн