Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чектөө кирген убактан тартып Өзбекстандан 5183 адам кирди

20.03.2020 11:46
671
Чектөө кирген убактан тартып Өзбекстандан 5183 адам кирди


Өзбекстан тарабынан убактылуу чектөөлөр кирген учурдан баштап Кыргызстанга 5183 адам кирди. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматта 17-март күнү саат 00:00дөн 19-марттын 18:00гө чейин өткөн адамдардын саны көрсөтүлгөн. Кыргызстанга жалпы 5183 адам кирип, алардын 1917си Кыргызстандын жараны, 3189 адам Өзбекстандын жараны. Ал эми коңшу мамлекетке 6795 киши өткөн. Алардын ичинен 866сы биздин жарандар, 5919 адам өзбекстандыктар.


Кыргызстанга кирген ар бир адам лабораториялык изилдөөдөн жана термометриядан өтүшөт. Коронавирус илдети курч өлкөлөрдөн келген Кыргызстандын жарандары карантинге жана обсервацияга жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн