Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чектөөлөр алынат. Маданият министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту

12.07.2023 15:18
252
Чектөөлөр алынат. Маданият министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту


“Азаттык Медиа” сайты чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

"“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.

Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин убактылуу токтоткон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн