Англиянын “Челси” командасынын коргоочусу Антонио Рюдигер Германияда кайрымдуулук ишин жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, футболчу өзү төрөлгөн Берлин шаарындагы Шарите клиникасынын дарыгерлерин жана медицина кызматкерлерин 3 ай тамак-аш менен камсыздап баардык чыгымдарын көтөрөт.
Рюдигерди “Челси” 2017-жылы 40 миллион еврого сатып алган. Ал 2014-жылдан бери Германиянын улуттук курама командасында ойноп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн