Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Челябинскте 17 кыргыз жараны абакта отурат

15.08.2022 12:53
446
Челябинскте 17 кыргыз жараны абакта отурат

12-августта Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Челябинск шаарындагы №1 абактагы Кыргызстандын жарандарына жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын ар бир жараны менен жекече баарлашып, берген суроолоруна жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Ошондой эле кыргызстандык дипломаттар тергөө изолятордун башчысы полковник Т.Горбунов менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, консулдук мекеме менен тергөө изоляторунун мындан ары өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашып, жарандарды кармоо шарттары менен таанышышты.


Башкы консулдук кыргызстандыктарга юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү максатында консулдук округдун аймагындагы түзөтүү абактарына, ТИЗОлорго жана убактылуу кармоочу жайларга баруу боюнча иштерди улантат.


Белгиленгендей, учурда Челябинск шаарында жайгашкан №1 ТИЗОдо Кыргызстандын 17 жараны кармалып турат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн