Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чемпиондор Лигасы: “Бавария” Европанын эң күчтүү командасы

24.08.2020 08:50
497
Чемпиондор Лигасы: “Бавария”  Европанын эң күчтүү командасы


Европанын эң престиждүү турнири болуп эсептелген Чемпиондор Лигасынын финалында франциялык “Пари Сен-Жермен” клубу менен Германиянын “Бавария” клубу кез келди. 


Бул оюн мурдагы финалдардан айырмаланып күйөрмандарсыз Лиссабон шаарындагы “Эштадиу ду Бенфика” стадионунда орун алды. Бүйүр кызыткан финалдын биринчи жарымы дээрлик бирдей өттү. Экинчи жарымында Мюнхендик команда топко көбүрөөк ээлик кыла баштап, анысы 59-мүнөттө ийгиликтүү болуп, Кингисли Командын баш менен узаткан соккусу менен эсеп ачылды. Мындан кийин эки команда алмаштырууларды жүргүзүп жатты. Бирок, эки тараптын тең чабуулдарына карабай оюн аягына чыкты.


Маалыматка караганда, “Бавария” ЧЛнын тарыхында 6-жолу Кубокко ээ болду. Мюнхендик команда Чемпиондор Лигасында бул турнирди жеңген командалардын 3-сабына көтөрүлдү.


Буга катарлаш чемпион команда бир топ рекорддорду жасады. Аталган клубдун чабуулчусу Роберт Левандовски 2019-2020 сезонун бомбардири болду. ЧЛнын алкагында быйылкы сезондо “Бавария” эч бир командага жеңилбеген команда катары тарыхта калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн