Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 10:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Чемпиондор лигасы. “Кайрат” “Реал Мадридге” 0:5 эсебинде утулду

01.10.2025 10:33
106
Чемпиондор лигасы. “Кайрат” “Реал Мадридге” 0:5 эсебинде утулду


Казакстандын “Кайрат” футбол клубу Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюнда өз талаасында Испаниянын “Реал Мадрид” командасына 0:5 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, оюнда Килиан Мбаппе үч голдун автору болду. Төртүнчү голду Эдуард Камавинга киргизсе, бешинчи топту жаракатка байланыштуу кошулган убакта Брахим Диас киргизди.


“Кайраттын” дарбазасын 18 жаштагы Шерхан Калмурза коргоп, көптөгөн соккуларды тосуп калганына карабастан, команда ири эсеп менен жеңилди.


Эске салсак, Чемпиондор лигасынын 1-турунда “Реал” “Марселди” 2:1 эсебинде жеңсе, “Кайрат” “Спортингге” 1:4 эсебинде утулган.


Кийинки турда:

- “Реал Мадрид” 22-октябрда “Ювентус” менен беттешет;

- “Кайрат” 21-октябрда Кипрдин “Пафос” командасы менен ойнойт.


Быйылкы Чемпиондор Лигасынын финалы 2026-жылдын 30-майында Будапешттеги "Пушкаш Аренада" өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн