Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чемпиондор лигасы: "Реал" менен "Милан" жарым финалга чыкты

19.04.2023 10:21
789
Чемпиондор лигасы: "Реал" менен "Милан" жарым финалга чыкты

18-апрелде Европанын эң престиждүү турнири катары эсептелген Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери өттү.


Испаниялык "Реал Мадрид" Лондондо "Челсиге" каршы беттеш өткөрдү.

Лондондо испандыктар өз үйүндөгүдөй ойноп, 0:2 эсебинде жеңишти камсыз кылды.


Биринчи беттеш да 2:0 эсебинде аяктаган.


Ошентип "Реал Мадрид" Чемпиондор лигасынын жарым финалына 15 жолу чыккан команда болуп калды.


Ал эми италиялык "Наполи" менен "Милан"  клубдарынын жооптук беттеши тең чыгуу менен аяктады.


Биринчи беттеште "Милан" минималдуу жеңишти камсыз кылган.

Ошентип, "Милан" клубу 16 жылдан бери алгачкы жолу жарым финалга чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн