Санкт-Петербург шаарында өтө турган Чемпиондор лигасынын финалы расмий түрдө Францияда өтө турган болду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтына таянып, спорт басылмалары билдирди.
Маалыматка караганда, Чемпиондор лигасынын финалы Париж шаарындагы "Стад де Франс" стадионунда 28-май күнү жергиликтүү саат боюнча 21:00дө өтөт.
Мындай чечим Россия жана Украинадагы кырдаалга байланыштуу УЕФА тарабынан кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн