Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 1/2 финалына чыккан баардык командалар белгилүү болду.
Эми жарым финалда Германия менен Франциядан экиден команда ойнойт.
Чейрек финалда “ПСЖ” 2:1 эсеби менен “Атлантаны” жеңсе, “РБ Лейпциг” “Атлетико” командасын 2:1 эсебинде утту. “Бавария” 8:2 эсебинде “Барселонаны” жеңсе, “Лион” 3:1 эсеби менен “Манчестер Ситини” жеңди.
1/2 финалдын оюндары 19-август күнү Португалиянын Лиссабон шаарында өтөт. Анда “ПСЖ” “РБ Лейпциг жана “Бавария” менен “Лион” командалары беттешишет.
Белгилей кетсек,
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынан баштап, финалдык оюнуна чейин Португалиянын Лиссабон шаарында өтөрү айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн