Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясы Россиянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украина бийлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-февралда түштөн кийин аталган станция Россия аскерлери тарабынан алынган.
Чернобыль атомдук электр станциясы Украинадагы стратегиялык объектилердин бири болуп саналат.
Пикирлер (1)