Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Чемпионаттын жыйынтыгында жергиликтүү аял биринчи орунду ээлеп, 300 евро утуп алган.
Ал айым 117 саат жатып, рекорд койгон.
Чемпионаттын шарты боюнча адамдар бирдей убакта жатат. Алар жатып алып, тамактанып, суу ичсе, китеп окуп, телефон карап жатса болот.
Ошондой эле 8 саатта бир жолу ажатканага барганга уруксат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн