Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу каралууда

03.06.2020 12:29
1000
Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу каралууда

Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет. Мындай оюн вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыйында билдирген.


Маалыматка ылайык, Тышкы таасирлерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйыныны болуп өткөн.


Анда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында июнь айында чартердик рейс менен Бишкек шаарына чет элдик адистердин келиши күтүлүп жатканы айтылган.

 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүк адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген өлкөлөргө келе албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Чет өлкөлүк адистердин биздин өлкөгө кайтып келип, ишин улантаары биздин кызыкчылыгыбызда", - деген вице-премьер-министр.

 

Маалыматка таянсак, жогоруда аталган рейстерге чет элдик адистерди кабыл алуу коронавирус инфекциясынын бар-жогу текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, бул рейстердин бардык жүргүнчүлөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга жаткырылып, текшерилет.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн