Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 22:00
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Чет элдик сапарлар мамлекеттик бюджетке олуттуу финансылык жүктү пайда кылган

21.02.2025 12:38
223
Чет элдик сапарлар мамлекеттик бюджетке олуттуу финансылык жүктү пайда кылган


2024-жылы 1 миң 603 жолу чет элдик сапарлар катталып, анын 1 миң 102 учуру мамлекттик бюджеттин эсебинен каржыланып, олуттуу финансылык жүктү пайда кылган. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө билдирди.


Анын айтымында, ар бир чет элдик сапарга орточо эсеп менен күнүнө 22 миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.


"Орточо эсеп менен айына 140 чет өлкөгө сапарлар болуп, бул кеткен каражаттар бюджетке олуттуу чыгымдарды алып келгенин көрсөтүп турат", - дейт ал.


Белгилей кетсек, өткөн жылы жетекчилер орун басарлар 591 жолу иш сапарга чыгышса, алардын 243 (41%) бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган.


Чет элдик иш сапарлардын 59 пайызын кабыл алуучу тарап каржылаганы менен, алар көп убакыт жана эмгек талап кылып, мамлекеттик органдардын ишин кечиктирүүдө.


Эске салсак, сапарлардын төмөнкү натыйжалуулугун жана бюджеттик чыгымдардын жогорулашын эске алуу менен 2024-жылдын май айынан тартып, бардык чет элдик иш сапарларды милдеттүү түрдө контролдоо башкармалыгы менен макулдашуу процедурасы киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн