Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 15-августта УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча баюунун жеке кызыкчылыгын көздөп, алдамчылык жолу менен Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.К.нын ишенимине кирип алып, санариптик активге ээ болуу максаты менен мыйзамсыз түрдө 1 млн 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү криптовалютаны ээлеп алган Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн