Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Чет элдик жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды

05.06.2025 10:21
40
Чет элдик жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды


2-июнда УКМК тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги Д.М.К. чет элдик жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. 


Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын иш бөлмөсүнөн жарылуучу граната (болжолдуу түрдө) жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар табылган.


Маалыматка ылайык, кармалган жаран системалуу түрдө чет элдиктерден акча талап кылуу менен алектенген жана ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан айрым чет өлкөлүк жеке жактарга формалдуу эмес жардам көрсөтүп жүргөн.


Шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


"УКМК ИИМдин кызматкери М.Д.нын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалыматы бар жарандарды УКМКга кайрылууну өтүнөт. Берилген маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн