Айрым ишканалар менен компаниялар ишин улантууда кыйынчылыктарга тушугуп жаткандыктан, чет элдик адистерге Кыргызстанга кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет элдик адистер саламаттык сактоо, айыл чарба, өнөр жай, курулуш, энергетика, геологиялык чалгындоо, тоо-кен өндүрүшү жана жол куруу сыяктуу тармактарга керек болуп жатат.
Мындан улам адистер эмгек миграциясы боюнча берилген квотанын негизинде Кыргызстанга кире алышат. Ал эми алардын обсервацияга жатканга кеткен чыгымдарын чакырган тарап төлөп берери айтылды.
Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө чек коюлган. 22-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 612ге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн