Кыргыз жарандарынын чет мамлекеттерден кайтып келүүсү боюнча иштердин алкагында КРдин чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлөт жана алардын мекенине кайтып келүү жолдору менен маршруттары изделүүдө.
Республикалык ыкчам штабдан билдиришкендей, алдыда 26-апрелге, 3-майга жана 10-майга Дубайдан (БАЭ) чартердик каттамдар уюштурулары пландалууда. Ал эми 28-апрелге Екатеринбургдан чартердик каттам уюштурулары пландалган. Бул багыттагы чоң иштер өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз өз ара аракеттешилип жатат.
Мисалы, казак тараптын колдоосу менен Кыргызстандын 325 жараны Индия, Египет, Таиланд, Малайзия, Шри-Ланка, Въетнам сыяктуу өлкөлөрдөн казакстандык авиациялык жол менен жерде жүрүүчү атайын транспорт аркылуу Казакстандын аймагына алынып келинип, Бишкекке саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда келишкен.
Буга чейин жарандарды алып келүү үчүн коммерциялык чартердик каттамдар уюштурулуп, 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, ал эми 22-апрелде 177 жаран Новосибирск шаарынан кайтып келген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн